Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын коңшу үйгө урашы. Камакка алынган 2 прораб үй камагына чыкты

27-мартта Бишкектин Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөнү маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кечээ, 12-апрелде Ленин РИИБ маалымат берип курулуштун прорабдары камакка алынганын маалымдашкан.

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык соту алардын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкканын билдиришти. «Алардын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгышты»,— деди шаардык соттон.

27-мартта жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял жаракат алган. Соцтармак колдонуучулары курулуш жүрүп жаткан компания Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна таандык экенин айтып чыгышкан. Ал депутат кырсык катталган имаратты куруп жаткан компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, бирок депутат болуп шайланган соң, аны ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенин билдирген.