Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен велосипед уурдоого шектүү кармалды

1-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Ж.Р. аттуу жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, жашыруун түрдө 20 миң сомду түзгөн велосипедди уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1985-жылы туулган С.Р., аттуу жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.