Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын коңшу үйгө урашы. 2 прораб камакка алынды

27-мартта Бишкектин Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөнү маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бүгүн, 12-апрелде Ленин РИИБ маалымат берип курулуштун прорабдары камакка алынганын маалымдашты.

«Аталган факты Ленин РИИБге Жазык кодексинин 272-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1966-жылы жана 1962-жылы туулган жарандар кармалды. Алар курулуш жүрүп жаткан жерде прораб болуп иштешкен», — дешти милициядан. Тергөө уланууда.

27-мартта жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял жаракат алган. Соцтармак колдонуучулары курулуш жүрүп жаткан компания Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна таандык экенин айтып чыгышкан. Ал депутат кырсык катталган имаратты куруп жаткан компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, бирок депутат болуп шайланган соң, аны ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенин билдирген.