Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыз. Эки милиция кызматкеринин жакындары сотту сатып алышканбы?

Бүгүн, 16-январда Бишкекте 13 жашар кыздын зордукталышына катыштыгы бар милиция кызматкерлери боюнча чыккан чечим туурасында Бишкек шаардык сотунун судьялары түшүндүрмө беришти.

Судья Мирад Динеевге «эки милиция кызматкеринин жакындары сотту сатып алышканбы?» деген суроо берилди. «Азыркы айтылган сөздөр эч кандай тастыкталган эмес. Мындай болушу мүмкүн эмес жана болбойт. Ишти мыйзам чегинде карадык», — деди ал.

30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. 13-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу кыздын атасы менен байланышканыбызда, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирген.