«Бардык маалымат каражаттары зордуктоо боюнча жазып жатышат. Бирок тергөө тарабынан жашы жете элек менен шантаж аркылуу жыныстык катнашка баруу беренеси менен айып коюлган». Бул тууралуу бүгүн, 16-январда 13 жашар кыздын зордукталышына катыштыгы бар милиция кызматкерлери боюнча чыккан чечим туурасында Бишкек шаардык сотунун судьялары түшүндүрмө берип жатып билдиришти.
«Бул иш 3 шектүүнүн экөө тарабынан 2021-жылы жасалган. Тактап айтканда, жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин жасалган. Айып жаңы мыйзам менен коюлган. 11-беренеге таянып, кылмыш жасалган учурдагы мыйзам колдонулган. Ага ылайык, Свердлов райондук соту тарабынан эки шектүүнүн кылмыш иши мурдагы Кылмыш-Жаза кодексинин 164-беренесине алмаштырылган. Ал эми үчүнчү шектүүнүн жактоочусу кайрылган эмес. Ушундан улам үчүнчү шектүүнүн чечими өзгөртүүсүз калтырылды», — дешти алар.