Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыз. Жогорку Сот бир айыпталуучунун өкүмүн өзгөрттү

Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш ишин карады.

Адвокат Тимур Султанов билдиргендей, соттук коллегия бир гана милиция кызматкерине карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүн өзгөрттү.

«Айыпталуучулардын бири катаалыраак жазага кесилди — 6 жыл эмес, 7,5 жылга кесилди. Шаардык соттун чечиминин калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин жактоочу жана прокурор борбордун Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранып, ага ылайык эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок соттук коллегия башкача чечим чыгарды», — деди Тимур Султанов.

Өткөн жылдын август айында Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. 13-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу кыздын атасы менен байланышканыбызда, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирген.