Бишкекте коргоо ордерге карабастан аялын ур-токмокко алып жүргөн шектүү кармалды

Бишкек шаарынын милициясы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

6-февраль күнү Биринчи май РИИБге аял кайрылып, жолдошуна чара көрүү арызы менен кайрылган. Аял жолдошу аны ур-токмокко алып, сабап, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн шектүүгө РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бир нече жолу эскертишкен, коргоо ордерин берип келишкен жана райондук сотко жеткирилип, административдик чаралар көрүлгөнүнө карабастан, жубайына карата зомбулук көрсөтүүнү уланткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза коднксинин 138-беренесине ылайык (уруп-сабап кыйноо) кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.