Бишкекте кош бойлуу келин тойдогу устукандан ууланган

Бишкекте кош бойлуу келин тойдогу устукандан ууланган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Нургул Молдалиева билдирди.

Анын айтымында, бир нече күн мурун катуу ич өткөк менен кош бойлуу аял Республикалык ооруканага кайрылган. Ал тойдо жеген этке ууланган. «Ысык күндөрдө өзгөчө этият болушуңуз керек, анткени жогорку температура тамакты тез бузуп салышы мүмкүн»,- деди ал.