Бишкекте көзү ачыкка 100 миң доллар берген аял милицияга арыз жазды

Бишкекте аял көзү ачыкка алданып калганын айтып, милицияга арыз жазды. Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, аял өзүнүн жеке жашоосун жакшыртууну убада кылган жаранга 2022-жылдан 2025-жылга чейин жалпы 100 миң доллар өлчөмүндөгү акча бергенин айткан.

Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган жарандын өздүгү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.