Бишкекте кудуктан үй-жайы жок адамдын жансыз денеси табылды

Кечээ, 16-январь күнү Бишкектин Нарвской көчөсүндө жайгашкан турак үйүнүн жанындагы кудуктун ичинен белгилүү жашаган жери жок эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жансыз денени алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.