Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт өчүрүлдү (видео)

Бишкектин Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 16:13тө толук өчүрүлдү.

Маалыматка ылайык, өрт аталган имараттын жер төлөсүнөн чыгып, андагы пеноплекс курулуш материалы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:39да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 15:41де кошумча 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз саат 16:00дө чектөөгө алынган.

Өрт кырсыгынын жабыркагандар жок.