Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумган жаран. Курулуш иштери мыйзамсыз жүрүп жаткан

Социалдык тармактарда «Бишкекте курулуп жаткан үйдөн киши кулап кетти» деген видео тараган. Маалыматты журналисттерге Тез жардам борборунун тастыкташкан. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге барган,  бирок кулаган адам жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Бул окуя боюнча Мамкурулуш агенттиги маалымат берип, үй 3-кабаттуу мансард үй катары катталганын билдиришти. 

«4-5-кабаттар уруксатсыз курулуп жаткан. Курулуш компанияга айып салуу түрүндө административдик жаза чарасы каралып, курулушту уруксатсыз салынып жаткан кабаттарын бузуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына өткөрүп берилди. Жер тилкеси камакка алынды. Биринчи Май райондук соту курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу боюнча аныктама чыгарды. Мамлекеттик курулуш комитетинин чечими менен «Меридиан Констракшн» ишканасынын лицензиясы убактылуу токтотулду», — деп айтылат маалыматта.