Бишкекте курулуш компаниянын директору жаранды 400 миң долларга алдап кеткен делүүдө

Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

27-июнь күнү Башкы прокуратурага жаран курулуш компанияларынын биринин башкы директоруна карата чара көрүү арызы менен кайрылган. 2022-жылы Көк-Жар кичи районунда жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен жасалма инвестициялык келишимин түзүп, акча каражатын көбөйтүп берем деген шылтоо менен 400 миң долларга ээ болуп, белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Октябрь райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандады.