Бишкекте курулуш компаниянын жетекчиси кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан турак жайларды курууда мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө президенттин жакын тууганынын атын жамынып алып, 500 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган «Памир-Строй» курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган.

2023-жылы курулуш компанияларынын биринин ээси жер тилке ээси менен көп кабаттуу турак жай комплексин үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөндүгү аныкталган. Бирок 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган. Түзүлгөн кырдаалдан жеке материалдык пайда табууну көздөгөн шектүү жер тилкесине тиешелүү маселелерди биротоло чечүү үчүн президенттин жакын тууганына берүү зарылдыгын шылтоолоп, 500 миң АКШ долларын алган.