2020-жылдын 11-августунда борбор калаанын тургуну Бишкектин Фучик көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү батир сатып алган. Ошол күнү ал курулуш компаниясынын директоруна 1 миллион 921 миң 800 сом берген.
Бүгүн, 2-октябрда Октябрь РИИБден маалымдалгандай, ал сатып алынган турак жайды алган эмес жана 27-сентябрда милицияга кайрылган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган жаран кармалып, ал эки айга СИЗО-1ге киргизилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында анын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 27 миллион 97 миң 555 сомду түзгөн.