Бишкекте куткаруучулар жалгыз жашаган 84 жаштагы апага жардам көрсөтүштү

Кутктаруучулар жалгыз калган 84 жаштагы апага жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын куткаруу кызматына 84 жаштагы 4-кичи районунун тургуну «үйүндө жыгылып, ордунан тура албай жатат» деген чакыруу кошуналарынан келип түшкөн. Жеринде куткаруучулар эшикти ачып, үй ээсин көтөрүп төшөгүнө жаткырып, алгачкы тез медициналык жардам көрсөтүшүп, үй комитетинин башчысына канааттандырарлык абалында өткөрүп беришкен. Куткаруу жана эшик ачуу иш-чараларына Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.