Бишкекте күч колдонуп телефон тартып алган шектүү камакка алынды

Милиция кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

19-январда жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 22:00 чамасында Пушкин көчөсүнөн күч колдонуп Samsung A10 маркасындагы уюлдук телефонун тартып алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп 2004-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.