Бишкекте күч колдонуп тоноого шектелип 2 өспүрүм кармалды

Бишкекте 3 жаш бала күч колдонуп тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июлунда болжол менен саат 04:00 чамасында “102” кызматына Интергельпо көчөсүндө уюлдук телефонду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда 2005-жылы туулган А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээсине карата күч колдонуп, редми үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 3 жаш бала кармалды. Алардын бири 17 жаштагы Т.К. болсо, калган экөө А.А., М.Ш 15 жаштагы өспүрүмдөр болгон. Шектуулөр Ленин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген.