Бишкекте күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганга шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган тоноого шектүү кармалды.
2023-жылдын 10-декабрь күнү милицияга К.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан Датка жана Саратов көчөлөрдүн кесилишинде күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганын, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, кылмышка шектүү 1987-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталып кармалган. Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.