Бишкекте күйөөсү тарабынан уурдалган аял бети кесилген абалда табылды

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

12-май күнү саат 23:30 чамасында «102» кызматына ошол эле күнү болжол менен саат 15:40 чамасында аялды жумуш ордунан күйөөсү кызганычтан улам күч менен алып кеткендиги жана жабырлануучунун кайда экени белгисиз экендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Ленин РИИБдин кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүүнү кармады. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция тараткан видеодон аялдын бети, чачы кескиленгенин көрүүгө болот.