Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт боюнча тергөө башталды

Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

«Аталган факты Биринчи Май РИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан өрт чыкты. Өрт саат 10:51де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.