Бишкекте күйүүчү май сакталган кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык болгон жерге 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымы жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.