Бишкекте кыз ала качууга шектелген эки жигит кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, аны 21-октябрь күнү саат 21:00 чамасында 6-кичи райондо ала качып кетишкен. Ошол эле күнү ал милицияга арыз жазып, бул факты никеге туруу максатында кыз ала качуу беренеси менен РИИБге катталып, окуя боюнча тергөө иштери башталган.

Октябрь РИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан 1995-жылы туулган эки шектүү кармалып, СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.