Бишкекте кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан  билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-мартта болжол менен саат 19:50 чамасында “102” кызматына «Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан Датка көчөсүнөн кыз ала качып кетишти» деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене «адамды никеге туруу максатында уурдоо» негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1996-жылы туулган С.А. аттуу кызды анын чала таанышы эркине каршы үйлөнүү максатында ала качып кеткендиги белгилүү болгон. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.