Бишкекте кыз ала качууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-декабрда кыз кайрылып, Айтматов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде аны унаага күч колдонуп отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткендерге чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун аймагынан 1999-жылы туулган 4 жигит кармалган. Тергөө уланууда.