Бишкекте кыз чала таанышы тарабынан зордукталганын айтты

Бишкекте кыз зордуктоого кабылганын билдирди. Бул тууралуу анын курбусу социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү эркиндикке чыгарып, акча үчүн ишти жаап салууга аракет кылышууда. Буга байланыштуу кыз коомчулуктан болгон окуяга көңүл бурууну өтүнөт.

Бул тууралуу Ленин РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 20-октябрда кыз милицияга кайрылып, чала тааныш жигит ошол эле күнү саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Бах менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдө физикалык күч колдонуу менен зордуктап салганын айткан. 

Бул факты Бишкек шаарындагы Ленин РИИБге катталган. Ошондой эле, жаранга тиешелүү экспертиза дайындалды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбө катары 2003-жылы туулган жаран суралган. Учурда сотко чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.