Бишкекте кыз чогуу спирт ичимдигин ичип жаткан адамды бычактоого шектелүүдө

21-декабрда саат 23:45 чамасында Свердлов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 30 жаштагы жаран бычактан жаракат алган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бычак жеген жаран Тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөн. Күзөт бөлүмүнүн ыкчам тобунун кызматкерлери окуя боюнча кийинки жагдай тактаган. Жабыркаган жаранды 1999-жылы туулган кыз спирт ичимдиктерин ичип жатып бычак менен сайганы аныкталып, ал окуя болгон жерден кармалып, тергөөгө жеткирилген. Аталган факты боюнча ылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.