Бишкекте кыз жигитке 143 миң сомго iPhone 14 алдырып, өзүм төлөйм деген бойдон из жашырган

Бишкекте милиция тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Сверлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-октябрда милицияга жаран кайрылып, 7-июнда соода борборлордун биринде анын ишенимине кирип, «өзүм төлөйм» деп анын атына бөлүп төлөөгө iPhone 14 алып, из жашырган кызга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 143 миң сомду түзгөн.

Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынган.