Бишкекте кыз-келиндерди мыйзамсыз окуткан диний лагерь аныкталды

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн уруксаты жок жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосу жок жүргүзүп, анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.

Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду.