Бишкекте милиция кызматкери кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-июлда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, ага ыдык көрсөткөн милиция кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү Жибек Жолу менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ага ыдык көрсөткөн. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1989-жылы туулган жаран суралып, иш Свердлов райондук прокуратурага жөнөтүлгөн.