Бишкекте кыз Улуттук гвардиянын аскерлерин зордуктоого айыптады

Социалдык тармактарда кыз эки жигитти зордуктоого айыптап чыккан. Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, факты каттоого алынганын, иш Аскер прокуратурасын өткөрүлгөнүн билдиришти.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя Сыдыков көчөсүндө 5-сентябрда болгон. Кыз эки жигит тарабынан зордукталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Арыз ээси да, алар да суракка алынган. 

«Шектүүлөр Улуттук гвардиянын аскерлери болуп чыкты. Матераил Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген. Юридикалык баа берилет»,- дешти прокуратурадан.