Бишкекте кыз үйлөнүүдөн баш тарткан жигитин сабап, манжасын сындырып салган

Бишкекте жаш кыз үйлөнүүдөн баш тарткан жигитин сабап, манжасын сындырып салган. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынын «Тез жардамдагы дарыгер» бейрасмий аккаунту жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жабыркаган жигит  20 жашта. Ал кыз менен 2 жыл сүйлөшкөн. Бирок акырында жигит үйлөнүүдөн баш тарткан. Келишпестик чырга айланып, кыз жигиттин манжасын сындырып, сабап салган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барып, жабырлануучуга керектүү жардам көрсөтүшкөн.