Бишкекте кыз зордукталганын айтып чыкты. Милиция шектүү кармалганын билдирди

Бишкекте кыз зордуктоого кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 10-декабрда социалдык тармактардагы баракчасына жазды. 

Анын айтымында, окуя 23-ноябрда болгон. Кыз бейтааныш жигит анын колун байлап, сабап, зордуктап салганын айтты. Жабырлануучу дароо милицияга кайрылган. Ал экспертизадан өтүүгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында жыныстык катнашка барбаганы, бирок ур-токмокко алынганы катталган. Кыз шектүү кармалганын белгиледи. Сурак учурунда ал жыныстык катнаш болгонун мойнуна алган. 

Окуя тууралуу билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы маалым болду. Аталган факты Биринчи Май РИИБге Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган. 26-ноябрда милиция тарабынан кылмышка шектелип, 21 жаштагы жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин тергөө абагына киргизилген. Сот анын бөгөт чарасын карап, ал СИЗО-1ге камакка алынган. Тергөө уланып жатат.