Бишкекте кыз зордуктоого шектелген жигит УКМКнын кызматкериби? УКМКнын жообу

Мындан эки күн мурда, 11-ноябрда Бишкекте кыз зордуктоого кабылганын айтып чыккан. Маалыматка караганда, окуя 23-ноябрда болгон. Кыз бейтааныш жигит анын колун байлап, сабап, зордуктап салганын жазган. Милиция бул окуя боюнча комментарий берип, кылмышка шектелген 21 жаштагы жаран камакка алынганын билдирген.

Соцтармактын колдонуучулары шектүүнүн УКМКнын штаттан тышкаркы кызматкери экенин жазып чыгышкан эле. УКМК бул боюнча үн катып, шектүүнүн атайын кызматка тиешеси жок экенин жарыялады. «Мыйзамсыз иш-аракети үчүн кармалган жарандын атайын кызмат менен эч кандай байланышы жок», — деп айтылат маалыматта.