Бишкекте кыздар түнкү клубдун күзөтчүлөрү менен мушташып, милиция кызматкерлерине кол салышты (видео)

Бишкекте кыздар чатак чыгарып, андан кийин түнкү клубдун күзөтчүлөрүнө кол салышкан. Окуянын видеосу oppa_kg Instagram каналында пайда болду.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 3:00 чамасында Nirvana түнкү клубунда болгон. «Мекеменин коноктору чатак чыгарышты. Коопсуздук кызматкери аларды тынчтандыруу үчүн алардын жанына келгенде, төрт кыз ага кол салып, бетине урушкан. Кыздар Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген», — деп жазылат видеонун алдында.

Милициянын кайгуул кызматы окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат берди. «Чыгыш-5 кичи районундагы түнкү клубда мушташ болгон деген чалуу саат 4:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге патрулдук милиция барганда, кыздар күзөтчүлөр менен мушташып жатышкан. Биздин кызматкерлер аларды ажырата баштаган, ошол учурда кыздар уят сөздөрдү сүйлөп, аларга кол салышкан. Факт реестрге катталды», — деп айтылат маалыматта.