Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан шектүү аял кармалды

Бишкекте сойкулук уюштурган шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

11-декабарь күнү саат 3:00 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Түгөлбай-Ата көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Чакыруу болгон жерге Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда, кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Күбөлөрдүн айтымында, аял кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүп берип жүргөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1987-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалды. Тергөө иштери улантылып жатат.