Бишкекте кызды жүк ташуучу унаа тепселеп кеткендеги учур видеого түшүп калган

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда окуучу кызды унаа сүзүп, каза болгон. Окуянын күбөлөрү унаанын айдоочусу качып кеткенин билдиришкен. 

ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан айдоочу кармалганын билдиришти. «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жоопту кызматкери, издөө бөлүмү жана ыкчам тергөө тобу окуя катталган жерде иш алып барууда»,- дешти.

Учурда социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарады. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, айдоочу кызды көрбөй калганын айткан.