Бишкекте кызды коюп кете жаздаган милиция кызматкери 3 миң сом төлөйт

Бишкекте милиция кызматкери жөө жүргүнчүлөр өтө турган чийинден кызды өткөрбөй койгону үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Буга чейин соцтармакка унаалар жөө адамдарды өткөрүү үчүн токтоп, бирок кайгуулчулардын унаасы «зебрага» келгенде аз жерден кызды коюп кете жаздаган видео тараган. Милициядан билдиришкендей, атайын унаанын айдоочусу жөө адамды жолдон өткөрбөй койгону үчүн 3 миң сом айыпка жыгылды.