Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа жылган соң кыз арткы эшигинен секирип кеткен.
Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 1990-жылы туулган жаран милицияга арыз менен кайрылганын билдирди. Ал 4-июнда болжол менен саат 17:30да 1990-жылы туулган жаран тарабынан сабалганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.