Бишкекте кызды сабап, жылаңачтап салган шектүүлөр кармалды

Бишкектеги сейил бакта кызды сабап, жылаңачтап салышкан. Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Шектүү катары 17 жана 18 жаштагы 3 кыз кармалган.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.