Бишкекте кызды сөгүп, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

12-январда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын 12-январь күнү Бишкек шаарынын Улан-2 кичи районунда жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн алдында, адепсиз сөздөрдү айтып, 50 миң сомдук iPhone 13 pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча 206-берене (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.