Бишкекте кызды сүзүп кеткен мас айдоочу камакка алынды

Кечээ, 7-апрелде Бишкекте кызды сүзүп кеткен мас айдоочу тергөө изоляторуна камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Буга чейин Бишкекте мас абалында болгон айдоочу унааны, кийин кызды, аягында мамыны сүзүп токтогону маалымдалган. Кыз алган жарааттарынан улам каза болгон.