Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери камакта калтырылды

Бишкекте кызды зордуктоо шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери камакта калтырылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, алардын бөгөт чарасы кечээ, 12-сентябрда каралып, 2 айга камакта калтырылган. Алар 11-ноябрга чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында болот.