Бишкекте кыздын колун скотчтоп, бычак менен коркутуп карактап кеткендер кармалды (видео)

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар каракчылык фактыларына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

16-январда милицияга кыз киши кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30 чамасында конок үйлөрдүн биринде ага күч колдонуп колдорун скотчтоп, бычак менен коркутуп 14,5 миң сом турган телефону менен 16 миң сомун карактап кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2003 жана 2004-жылы туулган шектүүлөр кармалып, тергөөгө жеткирилди. Учурда алардын ушуга окшогон иштерге тиешеси барбы же жокпу аныкталып жатат.