Бишкекте кыздын үйүнө кирип, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

28-август күнү саат 21:54 чамасында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматына Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 районунда жайгашкан үйлөрдүн биринин жашоочусунан зордуктоого аракет кылды деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки иштер башталган. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматына 2001-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган, анда 28-август күнү жогоруда көрсөтүлгөн даректеги үйүнө белгисиз 30 жаш курактагы жаран кирип келип, куч колдонуп, кийимин чечип, зордуктоого аракет кылып жаткан учурда андан качып чыкканга мүмкүнчүлүк болуп, айтылган даректен качып чыгып, үйүнүн жанындагы дүкөндөн жардам сураган.

Милиция кызматкерлери тарабынан белгисиз жаран такталып, 1994-жылы туулган шектүү милицияга жеткирилген. Аталган окуя боюнча тараптар суракка алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.