Бишкекте кызганычтан улам 25 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жигит көз жумду

4-майда Бишкекте 25 жаштагы жигит кыздын мойнуна бычак сайып, кийин өзү да мойну кесилген абалда ооруканага түшкөнү маалымдалган. Бүгүн, 9-майда шектүү жигиттин көз жумганын Улуттук хирургия борборунан тастыкташты.

4-майда Свердлов РИИБге Чүй проспектисинде жайгашкан батирде жигит кызды өлтүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция 1997-жылы туулган жигит кызганычтан улам 1997-жылы туулган кыздын мойнуна бычак сайганы аныкталган. Андан кийин болжолдуу жигит да мойнуна бычак сайган. Тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо кыз алган жараатынан каза болгон, ал эми шектүү комада болчу.