Бишкекте кызы менен жолдо өтүп бараткан кишиге кол көтөргөн айдоочу табылды

Бишкекте жолдо кызы менен өтүп бараткан кишини айдоочу менен жанындагы адам экөөлөп сабап салган видео тараган.

Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 23-майда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, Рухий Мурас жаңы конушунда анын денесине залал келтирген жарандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

1996-жылы туулган жаран милицияга жеткирилип, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик протокол түзүлгөн. Сабоо фактысы боюнча баа медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин берилери кошумчаланды.