Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды

Бишкекте кызын зордуктоого шектелген ата кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга кыздын апасы кайрылган. Ал 2008-жылы туулган кызын өз атасы зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.