Бишкекте Лексустун айдоочусу бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды тебелеп кетти

Кечээ, 4-октябрда саат 18:30 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунда 11-класстын окуучусу рулду башкара албай калып, Lexus 470 унаасы менен бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды тебелеп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз каза болду. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Милиция окуя болгон жерде иштеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.