Бишкекте Лексустун айдоочусу жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден кетип калган

Социалдык тармактарда Lexus LX470 үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына себеп болуп, окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу видео тараган.

Кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусун таап, жол кырсыгын жараткандыгы үчүн, 5 миң 500 сом, ал эми окуя болгон жерден кетип калгандыгы үчүн 10 миң сом айып салган. Ал эми унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.